SerepTV Logo

Ош шаарында 82 жаштагы кемпирдин жансыз денеси үйүнөн табылды

Ош шаарында 82 жаштагы кемпирдин жансыз денеси үйүнөн табылды

Кечээ, 7-июлда ӨКМдин кызматкерлери Ош шаарындагы Раимбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батирдин ичинен 1939-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.