SerepTV Logo

Ош шаарында милиция кызматкерлери асманга ок чыгарды

Ош шаарында милиция кызматкерлери асманга ок чыгарды
Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында ок атышуу болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, Патрулдук милициянын кызматкерлери белгисиз адам алардын талаптарына баш ийбей койгондо, эскертүү максатында кызматтык куралдан асманга ок чыгарышкан. Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Факт катталып, сотко чейинки иш аракеттер башталды.
Unknown Author