SerepTV Logo

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 06:34тө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, кошумча саат 07:00дө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, саат 07:08де Ош шаардык №12 ӨКБдан 2, саат 07:08де Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты жөнөтүлгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө кошумча саат 07:23тө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 жана 1 автошаты, саат 07:29да Ош шаардык №109 ӨКБдан 1, саат 07:33тө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, саат 07:38де Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп ККББдан ыкчам топ тартылган. Учурда ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган. Мындан сырткары жерине кошумча ИИМден, тез жардам кызматынан жана РЭТтин кызматкерлери жөнөтүлгөн. Кошумча маалымат берилет.
info