SerepTV Logo

Ош шаарында "Ак-Буура" кафесинен өрт чыгып, чектөөгө алынды (видео)

Ош шаарында "Ак-Буура" кафесинен өрт чыгып, чектөөгө алынды (видео)
Бүгүн, 19-июль күнү Ош шаарындагы "Ак-Буура" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. "Алдын ала маалымат боюнча, Навои көчөсүндө жайгашкан "Ак-Буура" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те куткаруучу ыкчам топ тартылган. Өрт саат 10:19да чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.