Ош шаарында 2 өспүрүм бычакталып, бирөөсү каза болду
Бүгүн, 11-февралда Ош шаарында эки окуучу бычакталып ооруканага түштү. Анын бири алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14:10дө Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө бычакталып 2 жаш бала түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Тилекке каршы алардын бирөө ооруканада көз жумган. Экинчи 2004-жылы туулган Н.С. оор абалда. Учурда ага операция жасалып жатат",- деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Жаш балдарга кол салган адамдарды кармоо боюнча милиция кучөтүлгөн тартипте издөө ишин баштады. Жабырлануучулар Нариманов орто мектебинин 10-классынын окуучулары. Окуя мектептен сырткары, мурдагы "Ареопаг" дукөнүнүн арткы тарабында болгон.