Ошто 18 жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого 29 жаштагы жаран шектелип кармалды
Үй камагына чыгарылган эркек киши 18 жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.
Маалымат боюнча, 9-июнда 2003-жылы туулган жабырлануучу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда ал 1992-жылкы жаран зордуктоо үчүн күч колдонгонун билдирген. Шектүү жигит буга чейин июнь айынын башында кызды уурдоого шектелип кармалып, кийин Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Бул жолкусунда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ал жаран бир айга камакка алынды. Ал эми 2003-жылы туулган кызды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдө денеден алган жараттары бар экендиги аныкталды.