SerepTV Logo

Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолуна кар көчкү түштү

Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолуна кар көчкү түштү
 Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мекеменин маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 19:20 чамасында Алай районундагы Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү такталууда) унаа жол жабылган. "Мындан улам, тазалоо иштерине 2 жүктөгүч, 1 Унимог, Алай РМАнын башчысы-аким жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылды. Кар көчкү түшкөн жерде унаа тыгынын болтурбоо үчүн Гүлчө (80-чакырым) жана Сары-Таш (184-чакырым) айылдарында ИИМ тарабынан посттор уюштурулуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Учурда тазалоо иштери уланууда.
Unknown Author