Ош ОИИБ: "Өзгөндө ок атуудан каза тапкан жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон"
Өзгөндө атып өлтүрүлгөн жарандардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Бул тууралуу Сереп Медиага Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, түндө Өзгөндө унаада отурган 3 жаранды белгисиздер аткылап кетип, экөө алган жаракаттарынан каза таап, бирөө аман калган.
"Каза тапкан 31 жаштагы жаран 2020-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Анын атып өлтүрүлүшүн буга байланыштырууга али эрте. Балким жаңжал турмуш-тиричиликтик себептерден улам чыккандыр. Так маалыматты кийин беребиз", - дешти басма сөз кызматынан.
[gallery columns="2" size="full" jnewsslider="true" ids="28331,28333"]