Ош ОИИБ: "Кара-Сууда 11-класстын окуучусу 7 жашар кызды зордуктаганы тууралуу маалымат текшерилүүдө"
Кара-Сууда 11-класстын окуучусу 1-класстын кызын зордуктаганы тууралуу маалымат текшерилип жатат. Бул туурасында Ош облустук ИИБден билдиришти.
Буга чейин соцтармактарда Оштогу бейтапканага зордукталган 7 жаштагы кызды алып келишкени тууралуу маалымат тараган. Анда күбө окуя 13-апрелде болгонун, кызды зордуктаган бала 11-класстын окуучусу экенин жазган.
«Кара-Суу районунун жана Ош облусунун башка райондорунун аймагында 13-апрель күнү 7 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу расмий арыз түшкөн эмес. Ошондой болсо да, Ош шаарындагы бейтапканалар текшерилип жатат», - деп билдиришти Ош ОИИБден.
