SerepTV Logo

Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Алай районуна караштуу Иркештам, Көк-Суу айылдарында 3,5 баллга, Нура айылында 3 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Unknown Author