SerepTV Logo

Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-апрель күнү саат 21:58де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибе айылында 3 балл, Карамык, Кулчу, Жар-Башы, Чак айылдарында 2,5 балл жана Дароот-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Unknown Author