SerepTV Logo

Ош облусунун аймагында эки ирет жер титиреди

Ош облусунун аймагында эки ирет жер титиреди

Кечээ, 19-сентябрь күнү саат 08:40 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Ошондой эле ошол эле күнү саат 21:21 чамасында Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген жер титирөө катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.