SerepTV Logo

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кечээ, 1-сентябрь күнү саат 13:08 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын күчү Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.