SerepTV Logo

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кечээ, 10-июлда кечки саат 22:05 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Чогон айылында 4 баллга, Кара-Кыр, Кичик-Алай, Ак-Жылга, Кожо-Келең, Кызыл-Туу, Калдай, Буудайык, Шамшалы, Сегет, Кара-Таш, Кыргыз-Ата, Ноокат, Ак-Булак, Шанкол, Куу-Майдан, Алчалы, Лаглан, Жаңы-Ноокат, Кетерме, Федоров, Чапаев атындагы, Кырк-Кел, Папан, Берю, Ятан, Коммунизм айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Андан тышкары, Борбаш, Бел, Кожо-Арык, Алмалык, Ак-Терек, Алга-Бас, Кара-Сегет, Лангар, Кабылан-Көл, Кызыл-Суу, Таш-Короо жана Мурдаш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Unknown Author