Ош облусунда жер титиреди
Кечээ, 7-февралда саат 21:38 чамасында Ош облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Анын очогу Нура айылынан 78 чакырым түштүк-чыгышта, Эркеч-Там айылынан 79 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 210 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
“Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок", - деп жазылат билдирүүдө.