Кара-Кулжада сууга чөгүп кеткен 30 жаштагы кишинин сөөгү табылды
Кечээ, 24-июнда Кара-Кулжа дарыясына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 23-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 30 жаштагы эркек киши сууга түшүп, чөгүп кеткен. Аны издөө үчүн 14 куткаруучу тартылган. Сөөктү бир күндөн кийин таап, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришти.