SerepTV Logo

Ош жана Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош жана Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кечээ, 17-ноябрда болжол менен саат 17:17де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмологиялык институттан билдиришти. Анын күчү Жалал-Абад жана Ош облустарынын Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрское айылдарында 5 баллга, Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында 4,5 баллга, Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты, Жоон-Күнгөй айылдарында 4 баллга, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.