SerepTV Logo

Ош - Бишкек жолунда катталган жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды

Ош - Бишкек жолунда катталган жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды
Бүгүн, 20-июнда саат болжол менен 06:00дө Жайыл районуна караштуу Ош-Бишкек унаа жолунун 170-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу ЖКККБдан билдиришти. Маалыматка караганда, Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасы түштүктөн-түндүккө карай бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кесепетинен жеңил унаада бара жаткан төрт адам ошол жерде каза болуп калган. Аты-жөндөрү такталып жатат.  Азыркы учурда Жайыл РИИБү жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жеринде иштеп жатышат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="288125,288126"]
edita