Ош-Бишкек жолунда 2 унаа сүзүшүп, 2 адам көз жумду
Ош-Бишкек унаа жолунун 216-чакырымында 2 Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган эркек киши, 1972-жылы туулган аял киши каза болуп, 7 адам ар түрдүү жаракат алышкан. Жаракат алган жарандардын аты-жөнү такталып жатат.
Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылган. Жабыркагандар куткаруучулар жеткенге чейин жолдо өткөн унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.