SerepTV Logo

Ош базарынан акциздик маркасы жок тамеки таңгактары аныкталды

Ош базарынан акциздик маркасы жок тамеки таңгактары аныкталды
Бишкек шаарынын Ош базарынан акциздик маркасы жок 864 таңгак тамеки табылып, тартылып алынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы Ош базарында пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. "Акциздик маркасы жок 864 таңгак тамеки тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга  ылайык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author