SerepTV Logo

"Ош базарга" барган аял чөнтөгүндөгү телефонун уурдаткан. Шектүү кармалды

"Ош базарга" барган аял чөнтөгүндөгү телефонун уурдаткан. Шектүү кармалды
Бишкекте чөнтөкчүлүккө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 5-ноябрда милицияга аял кайрылып, ошол эле күнү саат 13:30 чамасында "Ош базарында" 14,5 миң сом турган телефонун чөнтөгүнөн алдыртып ийгенин айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ал мурда да ушул берене менен соттолгон. Анын жанынан уурдалган телефон табылды. Тергөө уланууда.