SerepTV Logo

Орусиядан 6 унаа алып келем деп 45 миң доллар алып, из жашырган шектүү кармалды

Орусиядан 6 унаа алып келем деп 45 миң доллар алып, из жашырган шектүү кармалды
Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 28-март күнү жаран милицияга арыз жазып, ушул жылдын февраль айында анын ишеничине кирип, Орусиядан 6 машина алып келип берем деп 45 миң долларын алып, изин жашырып кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1980-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.