SerepTV Logo

Орусияда полиция Кыргызстандын үч жаранына издөө жарыялады

Орусияда полиция Кыргызстандын үч жаранына издөө жарыялады

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Самара облусундагы кызматкерлери бир катар кылмыштарга шектелген жарандарга издөө жарыялады. 

ИИМдин сайтында маалымдалгандай, издөөдө жүргөндөрдүн арасында кыргызстандыктар да бар:

  1. Хожи Хотамжонович Мамажанов - 1993-жылы Кыргызстанда туулган. Ал Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264.1 9-беренеси боюнча шектелүүдө (соттолгон же административдик жазага тартылган учурда унааны мас абалда башкарган). 
  2. Иброхимжон Маматкадиров - 1995-жылы Ош шаарында туулган. Соттон качып жүрөт. Документ, мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр жана бланктарды жасалмалоо, даярдоо жана колдонууга айыпталууда.
  3. Мухаммадбобур Боходиржонович Азимжанов - 1996-жылы Ош шаарында туулган. Соттон качып жүрөт. Документ, мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр жана бланктарды жасалмалоо, даярдоо жана колдонууга айыпталууда.