SerepTV Logo

Орусияда өрттүн кесепетинен 6 жана 9 жаштагы эки кыргызстандык бала каза болду

Орусияда өрттүн кесепетинен 6 жана 9 жаштагы эки кыргызстандык бала каза болду
Кечээ, 11-март күнү эртең менен Орусиянын Ханты-Мансий автономиялуу округуна караштуу Сургут шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттүн кесепетинен 6 жана 9 жаштагы (2012 жана 2015-жылы туулган) кичинекей кыргызстандык балдар каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган аймактагы үйдөн чыккан өрт тууралуу билдирүү Москва убактысы боюнча саат 7:22де келип түшкөн. Өрт өчүрүү кызматы келген учурда имарат толугу менен өрттөнүп, чатыры кулап түшкөн. Ошондой эле жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, өрт чыккан үйдө каза болгон жаш балдардан сырткары алардын апасы менен чоң энеси жашайт. Бирок тилсиз жоо учурунда алар жумушта болушкан. Учурда аталган факт Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 3-бөлүгү (Эки же андан ашык адамга байкабастыктан өлүмгө алып келүү) боюнча балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Сургут шаардык мэриянын басма сөз кызматы учурда дарыгерлер балдардын апасы жана чоң энеси менен иштеп жаткандыгын, тийиштүү адистер аларга бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын айткан. Ошондой эле балдардын апасы менен чоң энеси турак-жай менен камсыз болушкан.  
Unknown Author