Орусияда мекендештерин уурдап, сабап, алардан чоң суммадагы акча талап кылууга шектүүлөр кармалды
Москвада мекендештерин опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
23-майда милицияга 37 жаштагы Кыргыз жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетишип, акча талап кылып жатканын билдирген. 1998-жылы туулган Кыргыз жараны туугандарынан жана тааныштарынан 150 миң рубль которууну суранган. Ошол эле учурда анын кайда жүргөнү белгисиз болгон. Бул факты ички иштер органдарында укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.
Жарандын жүргөн жерин, андан сырткары адамды уурдоого жана опузалап талап кылууга тиешеси барларды аныктоо максатында Орусиянын ИИМинин тиешелүү бөлүктөрүнүн ыкчам кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен эркине каршы мыйзамсыз камап турушкан жогорудагы уурдалган жаран табылган. Бул кылмыш ишине шектүү катары адамды уурдоо, опузалап талап кылуу жана карыздарды өндүрүү менен алектенип келишкен алты адам кармалган.
Бардык кармалгандар Кыргыз жарандары болушат, алар Ысык-Көл жана Нарын облусунун тургундары:
1996-жылы туулган И.А.,
1995-жылы туулган Т. уулу А.,
1997-жылы туулган М. уулу Э.,
2000-жылы туулган Ы. Б.,
1999-жылы туулган Ж. Р.,
2001-жылы туулган Б. уулу А..
Ошондой эле, бул батирден кылмышкерлер өз эркине каршы камап турушкан дагы бир 2000-жылы туулган жаран да болгон. Кылмышкерлер андан 300 миң рубль талап кылышкан. Аныкталгандай, экөөнү тең сабашып, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан.
Бул факты боюнча Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү (Эркинен мыйзамсыз ажыратуу) 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) жана 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Маалым болгондой, 10-майда кол салгандар ошол эле батирге Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган жаранды күч менен алып келишкен. Аны коркутушуп, 1 миллион рубль өлчөмүндө акча талап кылышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгү (адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="185124,185125,185126,185127,185128,185129"]