SerepTV Logo

Орусияда кыргызстандык зордуктоого шектелип кармалганы айтылды

Орусияда кыргызстандык зордуктоого шектелип кармалганы айтылды
Орусиядагы Истра шаарында полиция 21 жаштагы кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу REN TV жазды. Андагы маалыматка караганда, аялды 31-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында таксист зордуктаган. Ал Захарово айылындагы унаа токтотуучу жайга унаасын токтотуп, 44 жаштагы аялды өлтүрөм деп коркутуп, чечиндирүүгө мажбурлап, таксиде зордуктаган. Жабырлануучу полицияга арыз менен кайрылган. Кыргызстандык күнөөсүн мойнуна алган эмес.