SerepTV Logo

Орусияда кыргызстандык сууга чөгүп каза болду

Орусияда кыргызстандык сууга чөгүп каза болду
Орусиянын Иркутск шаарында Кыргыз жараны каза болгонун облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык 13-августта Ангар дарыясынын жээгиндеги Квадрат көлүндө болгон. Кыргызстандык сууда сүзүп жүрүп, чөгүп кеткен. Окуяга күбө болгондор анын сөөгүн суудан алып чыгышкан.