SerepTV Logo

Орусияда кыргызстандык мигранттар ачкалыктан баласын сатууга аракет кылышкан

Орусияда кыргызстандык мигранттар ачкалыктан баласын сатууга аракет кылышкан
Кыргызстандык мигранттар пандемиядан улам баласын бага албай калып, аны сатууга аракет кылышкан. Бул үчүн темир тор артына туш болушканын орусиялык басылмалар жазышты. Кыргызстандык жаш жубайлар 2020-жылдын августунда уулдуу болушкан. Ымыркай апасы 21 жашын белгилегенден бир нече күндөн кийин төрөлгөн. Ушуну менен үй-бүлөдөгү кубанычтуу күндөр аягына чыккан. Курулушта иштеген үй-бүлө башчысы пандемиядан улам жумушсуз калган. Түгөйлөр эптеп жашап кетүүгө аракет кылган менен майнап чыккан эмес, акча жок болчу, ошондо алар баланы башка үй-бүлөгө берүү чечимин кабыл алышкан. Жубайлар баласын багып алууну тааныштарына сунуштап башташкан. Алардын бири үй-бүлөгө жардам берүүнүн ордуна укук коргоо органдарына кайрылган. Полиция кызматкерлери баланы сатып алууну каалаган адам катары үй-бүлө менен байланышкан. Сүйлөшүү учурунда ата-эне баласынын болочоктогу ата-энесине ымыркайга кантип туура кам көрүү керектиги тууралуу көп айтып беришкен. Баланын ден соолугу чың экенин, бардык эмдөөлөрдөн өткөнүн билдиришкен. 2020-жылдын 13-октябрында алар кафеден жолугуп, баланы асырап алуучу катары келген полиция кызматкери ымыркай үчүн канча акча сурашарын тактаган. Кыргыз жараны баласын жөн эле берерин, бирок акча берсе, баш тартпай турганын билдирген. Полиция кызматкери ага ичинде 500 миң сом бар конверт берген. Жубайлар "Жашы жете элек баланы сатууга аракет кылуу" беренеси менен 3 жылга кесилишти. Бала балдар үйүнө жөнөтүлдү.
Unknown Author