SerepTV Logo

Орусияда кыргызстандык кыздын 6-кабаттан кулашы. Шектүү катары 2 кыргызстандык кармалды

Орусияда кыргызстандык кыздын 6-кабаттан кулашы. Шектүү катары 2 кыргызстандык кармалды
4-сентябрда Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттан кулап кеткен Кыргыз жараны тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу министрлик төмөндөгүлөрдү билдирди. 3-сентябрда саат 02:00 чамасында полиция кызматы окуя болгон жерге келген. Жабыркаган кыз бир нече жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар деген шек менен эки Кыргыз жараны 2001-жылы туулган М.Б. жана 2001-жылы туулган С.Ш. кармалган. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштер жүрүп жатат. Жабыркаган жаран 2002-жылы туулган А.Б. учурда ооруканада жана анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул факты Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө жана консулдук тиешелүү органдары менен байланышта.
  • Санкт-Петербургда кыргызстандык кыз 6-кабаттын терезесинен кулап кеткенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
  • Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 3-сентябрга караган түнү шаардын Москва районундагы Заставская көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Журналисттер кызды 6-кабаттагы батирдин терезесинен түртүп жиберишкенин, андан кийин алар кызды унаага салып, алып кетүүгө аракет кылышканын жазышкан.