Орусияда кыргызстандык келин мекендеши тарабынан зордукталганын айткан
Санкт-Петербургда кыргызстандык пол жууп иштеген келин зордукталганы боюнча полицияга кайрылганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Аялдын айтымында, 28-июнга караган түнү Розенштейн көчөсүндөгү ээн жерде жумушсуз жердеши менен спирт ичимдигин ичип отурган. Ал киши кыргызстандык аялга ыдык көрсөтүп баштап, зордуктап салган. Жабырлануучу анын акчасын, уюлдук телефонун жана паспортун да алып кеткенин белдирген.
Кылмышка шектүү кармалып, 2 берене боюнча кылмыш иши козголду. Бирок аялга карата да административдик протокол түзүлгөн. Маалыматты текшерүү учурунда ал миграциялык режимди бузганы белгилүү болгон. Ага айып пул салынды.