Орусияда кыргызстандык жаран жердешин акчасына кызыгып, өлтүрүп салды
Орусияда унааларды ижарага берип бизнес кылган кыргызстандык жаранды жердеши өлтүрүп салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны Москвада 3 жердеши менен чогуу турчу, көп учурда алардын алдында өзүнүн акчалуу экенин айтып мактанчу. Анысы аз келгенсип, аларды "жолу болбогондор" деп мазактачу. Өлөрүнөн аз убакыт мурун ал жакындары менен сыр бөлүшүп, жакында ири суммадагы акча түшөрүн, ага жаңы унааларды сатып аларын кабарлаган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү акчаларды өзүндө калтыруу үчүн план иштеп чыккан. Ал батирдин ачкычы жалгыз өзүндө болгудай кылып баарын уюштурган. Чогуу жашаган эки киши үйдөн кеткенде, ал кошунасын өлтүрүп, анын акчаларын ээлеп алган. 2 кошунасына жердешин полиция кармап кеткенин айтып, өзү телефонун өчүрүп, Бишкекке учуп кеткен.
Ачкычсыз калган кыргызстандыктар батирге кире албай, полиция чакыртышкан. Шектүүнү Бишкектен кармашып, учурда аны экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.