SerepTV Logo

Орусияда кыргызстандык жигит 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган

Орусияда кыргызстандык жигит 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган
Москванын түндүк тарабында кыргызстандык унаада 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бирок кыз унаадан түшүп качканга жетишкен. Бул тууралуу Орусиянын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалымат боюнча, окуя бир күн мурун Фестивальная көчөсүндө болгон. Унаанын ичинде болгон Кыргыз жараны жабырлануучуга кол салып, кийимин чечүүгө аракет кылган. 21 жаштагы кыз качып кетүүгө жетишкен. Андан кийин жигит дагы из жашырган. Кийинчерээк жигит милиция бөлүмүнө келип, кылмышын жана күнөөсүн мойнуна алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Unknown Author