SerepTV Logo

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары мушташып кетишти

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары мушташып кетишти
Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдо 8-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары мушташып кетишти. Бул тууралуу маалыматты Mash Телеграм-каналы жарыялады. "Мушташ 9 миңдей эмгек мигранттарын курулуш үчүн жумушка алган «ВелесСтройМонтаж» компаниясынын ашканасында башталган. Тажикстандык кызматкерлер кыргызстандык кесиптештерин тамакты көп салып жешет дешип, официант кыздын салфетканы ыргытып жибергени жаңжалды ырбатып жиберген. Чырда идиш-аяк, стол менен стулдар да ыргыган. Кийинки күнү мушташ короодо улантылган. Компаниянын жетекчилиги мушташка катышкан бардык жумушчуларды иштен айдаганы жатат. Андан ары алар депортация болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.