SerepTV Logo

Орусияда Кыргыз жаранын атып кетишти. Ал оор абалда бейтапканага жеткирилген

Орусияда Кыргыз жаранын атып кетишти. Ал оор абалда бейтапканага жеткирилген
Москвада Кыргыз жараны тапанчадан жаракат алды. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-октябрда кечинде Ореховый бульварында катталган. Белгисиз жаран 30 жаштагы Кыргыз жаранын тапанча менен ичке атып, качып кеткен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кылмышкер изделип жатат.