SerepTV Logo

Орусияда курулушта иштеген үч Кыргыз жараны топурактын алдында калды

Орусияда курулушта иштеген үч Кыргыз жараны топурактын алдында калды
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, 3-майда Геленджик шаарында курулуш жүрүп жаткан аянттардын биринде топурак көчкөн. Бул тууралуу "Спутник" жазды. “Кырсыктан улам И.А.С., Э.у.Э. жана Д.Е.А. аттуу Кыргыз жарандары топурактын алдында калган. Аларды издөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, С.К.О. аттуу жаран оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген”, — деп жазылат маалыматта. Орусиянын тийиштүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, элчилик алар менен байланышта экени кошумчаланды.
info