Орусияда кармалган Эсен Мажитов менен элчиликтин кызматкерлери жолугушат
Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын Ички иштер министрлигинин талабы боюнча Орусияда кармалган Эсен Мажитов аттуу кыргыз жараны менен жолугушат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.
Кечээ, 28-майда депутат Бурул Аманова парламенттин жыйынында Тажикстан Кыргызстандын жараны Эсен Мажитовду экстрадициялоону талап кылып жатат деп айткан. Анын айтымында, бир дагы мамлекеттик орган кыргыз жаранына жардам көрсөтпөй жатат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, министрлик жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Эсен Мажитовдун кармалгандыгы жөнүндө маалымат алган учурдан тартып, анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүп келишет. "Эсен Мажитов кармалган жерде элчилик менен анын жолугушуусу пландаштырылган", - деп билдиришти министрликтен. Ошондой эле министрликтин жана элчиликтин жооптуу кызматкерлери кыргыз жаранынын адвокаты менен туруктуу байланышта экендиги белгиленди.
Кыргызстандын жараны Эсен Мажитов Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы» себеп болгон. Орусиянын укук коргоо органдары аны башаламандык уюштурууга айыптап кармаган. 10-майда анын уулу Адил Абдурахимов президент менен жолуккан. Президент Садыр Жапаров атасына жардам берүүнү убадалаган.