SerepTV Logo

Орусияда эжесине бычак сайган кыргызстандык кармалды

Орусияда эжесине бычак сайган кыргызстандык кармалды
Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жараны кармалды. Ал эжесине бычак менен кол салган. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Окуя кечээ, 14-февралда болгон. Шектүү эжеси менен урушуп кетип, бычак менен көкүрөгүнө сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Шектүү күнөөсүн мойнуна алды. Андан тышкары шектүү дагы, жабырлануучу дагы Орусияда мыйзамсыз жүрүшкөнү белгилүү болду.
edita