SerepTV Logo

Орусияда бычак менен тургундарды коркуткан делген кыргызстандык изделип жатат

Орусияда бычак менен тургундарды коркуткан делген кыргызстандык изделип жатат
Санкт-Петербургда полиция Кыргызстандан барган жаранды издеп жатканын орусиялык "Фонтанка" басылмасы жазып чыкты. Окуя кечээ, 11-сентябрда Николай соборунун жанында болгон. Аял полицияга чалып, эки жигит мигрантты сабап жатканын айткан. Анын айтымында, бирөөсүнүн колунда бычак болгон. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери жергиликтүү тургундарды жана 28 жаштагы кыргызстандыкты таап, кармаган. Тургундардын айтымында, кыргызстандык өтүп бара жаткандарды бычак менен коркутуп жатканынан аны кармоого аракет кылышкан. Кыргызстандык ооруканага жеткирилген. Ал башка атты айтып, мурдун дарыгерге көрсөтүп, ал жерден качып кеткен. Эми полиция аны издеп жатат.