Орусияда аял күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн окуя боюнча ТИМ комментарий берди
Орусиянын Москва облусунун Дмитров шаарында аялдын киши колдуу болуп каза болгондугу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен комментарий беришти.
Алынган маалыматка ылайык, каза болгон 1979-жылы туулган жаран жана аны өлтүрүүгө шектелген 1978-жылы туулган жаран кыргызстандыктар жана Орусиянын жарандары болуп саналат. "Кыргызстандын элчилиги өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр", - дешти министрликтен.
Кечээ, 7-августта эс-учун жоготкон аялдын канга боёлуп жатканын көрсөткөн үрөй учурган видео black_list.kg Телеграм каналында жарыяланган. Видеого жазылган маалымат боюнча, 2-августта Москванын жанындагы Дмитров шаарында аял балдарынын көзүнчө өлтүрүлгөн. Орусиянын Тергөө комитетинин сайты 44 жаштагы жергиликтүү тургун 43 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелип жатканын билдирди. Тергөөнүн маалыматы боюнча, буга эркектин аялын кызганганы себеп болгон.