Орусияда апасы тарабынан сабалган бала. Бала апасы дайыма мас абалында кол көтөрөрүн айткан
Кечээ, 7-августта социалдык тармактарда Орусияда тартылган видео жарыяланган. Анда апасы мас абалында уулун уруп жатканын көрүүгө болот.
8 жаштагы баланын айтымында, алар кыргызстандыктар жана апасы дайыма мас абалында аны сабайт. Күбөлөр жерине полиция чакырышкан, ал эми алар келгиче аял жерде уктап калган.
Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, баланын Москва шаарындагы социалдык реабилитацияга муктаж жашы жете электердин адистештирилген мекемесине жайгаштырылганын билдиришти.
"Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. 2014-жылы туулган бала Москва шаарындагы социалдык реабилитацияга муктаж жашы жете электердин адистештирилген мекемесине жайгаштырылды. Баланын апасына карата Москванын укук коргоо органдары тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча камакка алуу тууралуу протокол түзүлдү. Элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирдикте баланын мындан аркы жашоосу, ошондой эле анын жакын туугандары менен байланышуу боюнча иш алып барууда. Маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды", - деп айтылат маалыматта.