SerepTV Logo

Орусияда 9 жыл мурун киши өлтүрүлгөн. Кадамжайдын тургуну кармалды

Орусияда 9 жыл мурун киши өлтүрүлгөн. Кадамжайдын тургуну кармалды
Орусияда 9 жыл мурун адам өлтүрүү фактысы катталган. Шектүү катары Кадамжайдын 45 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Орусияда 2016-жылы болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп, Кадамжай РИИБге 2025-жылдын 3-декабрында катталган. Тергөө материалдарына ылайык, Кадамжай районунун 45 жаштагы тургуну Москва облусунда чыккан уруш учурунда 1973-жылкы жаранга бычак менен сокку урган. Жабырлануучу каза болуп калган. Орусиянын тергөө органдары тарабынан күнөөсү далилденген соң, кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шектүү Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
edita