Орусияда Кыргыз жараны 11 жаштагы кызына бычак саюуга шектелүүдө
Москванын четинде кыргызстандык 11 жаштагы кызына бычак сайган. Кыз оор абалда ооруканага жаткырылган, атасы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Орус басылмалары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 3-июлда катталган. 42 жаштагы Кыргыз жараны 5 жана 11 жаштагы кыздары менен үйүндө болгон. Ал эми кош бойлуу аялы менен уулу кулпунай чогултканы кетишкен. Милиция окуя болгон күнү кишинин мас абалда болгонун да айтышкан. Шектүү кызына бычак сайып, такси чакыртып ооруканага жеткирген. Киши камакка алынды.
Тергөөчүлөр жана криминалисттер окуя болгон жерди карап, кылмыш куралын жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдарды алып, күбөлөрдү жана айыпталуучуну суракка алып, экспертизаларды дайындашкан. Кыздын абалы оор, карыны жабыркаган. Атасы милиция тарабынан кармалып, ага атайылап ден соолукка оор залал келтирген деген айып тагылды.