Орусияда 42 жаштагы Кыргыз жаранын унаа сүзүп, көз жумду. Шектүү камакта
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына Санкт-Петербургда кыргызстандыкты унаа сүзүп кетип каза болгонун, кылмышкер уурулук фактысын айтып, унааны өрттөп жибергени тууралуу маалымат жарыяланган болчу. Окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымат беришти.
16-июнь күнү Ленинград облусунун Всеволожск шаарында айдоочу Кыргызстандын 1980-жылы төрөлгөн жаранын сүзүп, андан соң жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү алган жараатынан окуя болгон жерден каза болгон. Учурда айдоочуга кылмыш иши козголуп, камакка алынды.
"Бул маселе Санкт-Петербург шаарындагы элчиликтин кеңсесинин өзгөчө көзөмөлүндө болуп, каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн репатриациялоого керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.