SerepTV Logo

Москвада кыргызстандык келиндин зордуктоодон көз жумушу. Элчилик окуя боюнча үн катты

Москвада кыргызстандык келиндин зордуктоодон көз жумушу. Элчилик окуя боюнча үн катты
Кечээ, 2-мартта Орус ЖМКлары Москвада 36 жаштагы кыргызстандык келиндин топ балдар тарабынан зордукталып, көз жумганын жазып чыгышкан эле. Элчилик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте бул маалыматты тактоо иштерин жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 3-январда Москва шаарынын Кузьминки району боюнча милицияга зордуктоо тууралуу билдирүү түшкөнү аныкталган. Кыргыз жараны мурун сыныгы диагнозу менен, мас абалында Москва шаардык ооруканасынын реанимациясына жаткырылган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо фактысы жокко чыгарылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция бөлүмүнө чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен эки Кыргыз жараны жеткирилген. Дарылоочу дарыгердин айтымында, 28-февралда Кыргыз жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам реанимацияда каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат.