SerepTV Logo

Орусияда 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жараны кармалды

Орусияда 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жараны кармалды
Екатеринбургда ыкчам кызматкерлер Түркмөнстандан келген 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аймактык онлайн порталы E1.RU 12-февралда жарыялады. Укук коргоо органдарындагы булактар билдиргендей, мууздалган кыздын денеси өткөн жумада Степан Разин көчөсүндөгү батирден табылган.  Бир нече күндөн кийин эле кызматкерлер шектүүнүн изине түшкөн. Кармоо операциясы 11-февралда болгон. Шектүү ижарага алынган батирге жашырынууга аракет кылган. “Ал эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ал башка кылмыштар боюнча да текшерилет”,- деп портал өз булагына шилтеме берүү менен жазды. Маалым болгондой, түркмөнстандык жаш кызды өлтүрүүгө шектелип анын таанышы - мурда баңгизат сактагандыгы үчүн соттолгон Кыргызстандын жараны кармалган. Ага карата адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
edita