SerepTV Logo

Орусияда 24 жаштагы кыргызстандык бийиктен кулап каза болгон. Үй-бүлөсүнө кенемте берилди

Орусияда 24 жаштагы кыргызстандык бийиктен кулап каза болгон. Үй-бүлөсүнө кенемте берилди

Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүүгө жана кенемтелерди алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Мааламатка караганда, «Альянс Курулуш компаниясы" 2 миллион рубль өлчөмүндө кенемте төлөп берген. 2001-жылы туулган кыргызстандык жигит жумуш ордунда бийиктиктен кулап каза болгон.

"Өкүлчүлүктүн кызматкерлери маркумдун сөөгүн мекенине алып келүүгө байланыштуу документтерди даярдоодо зарыл жардам көрсөтүү үчүн №1 соттук-медициналык өлүкканага, ошондой эле Москва шаарынын Тергөө комитетине барышкан. Бул чаралардын аркасында мекенине кайтаруу менен байланышкан бардык маселелер ыкчам чечилди", - деп айтылат маалыматта.

edita