SerepTV Logo

Орусия абактан качып кеткен кылмышкер аялды Кыргызстанга өткөрүп берди

Орусия абактан качып кеткен кылмышкер аялды Кыргызстанга өткөрүп берди
Орусиянын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын абагынан качып кеткен Замира Ахматжанованы кайтарып берди. Аны Ош шаардык соту 2015-жылдын декабрында алдамчылык беренеси менен соттогон. Бирок кылмышкер аял жоопкерчиликтен качып кеткен. Бул тууралуу ЖМКларга Орусия Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Андрей Иванов билдирди. 2014-2015-жылдары Ахматжанова шериктери менен бирге Кыргызстанда ар кандай жолдор менен 4 адамдын акчаларын жана мүлктөрүн уурдашкан. Жалпы зыян дээрлик 2,5 миллион сомду түзгөн. 2017-жылдын 25-январында Ахматжанова Ош шаарындагы № 42 абактан качып кеткен. Анын Орусиянын кайсы аймагында жүргөнүн аныктаган Кыргызстан орусиялык кесиптештерине айыпталуучуну өткөрүп берүү өтүнүчүн жөнөткөн. Аялды атайын күзөт менен Кыргызстанга жеткиришти.
Unknown Author