Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды
24-март күнү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Аталган жайдан:
- 2 кырдуу жылмакай курал;
- 1 жылмакай аңчылык куралы;
- 1 майда калибрлүү мылтык,
- 1 “Сайга-410” карабини;
- 59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.
Табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн. Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103176,103177,103175"]