SerepTV Logo

Орто-Сай айылында унаа оодарылып, кыз менен жигит жабыркады (видео)

Орто-Сай айылында унаа оодарылып, кыз менен жигит жабыркады (видео)
Кечээ, 25-январда Бишкектин Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө BMW үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган кыз киши жана 2002-жылы туулган эркек киши жабыркаган. Чалуу түшкөн соң, жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылган. Жеринде кырсыкка күбө болгон жүргүнчүлөр тарабынан унаадан чыгарылган жабырлануучуларга куткаруучулар кечиктирилгис биринчи жардамды көрсөтүү менен жолдо келе жаткан Тез жардам кызматына унаа менен жеткирип, өткөрүп беришкен.