SerepTV Logo

Орхан Инандынын жоголушу. Милиция анын видеорегистраторунан алынган сүрөттөр боюнча эмне дейт?

Орхан Инандынын жоголушу. Милиция анын видеорегистраторунан алынган сүрөттөр боюнча эмне дейт?

Орхан Инандынын жоголушу боюнча ар кандай версиялар текшерилип, болжолдонгон далилдер экспертизага жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Орхан Инандынын унаасынын видео жаздыргычынан алынган сүрөттөр сотко чейинки процесстин материалдарына киргизилген. 

"1-июнда унааны текшерүү учурунда видео жана андагы видео жаздыргычтын флешкасы алынып, иш материалдарына тиркелип, туугандарына кайтарылган эмес. "Сапат" лицейинин өкүлүнүн айтымында, жактоочу бул маалыматты туугандарынын макулдугусуз жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялаган. Биз жеке адамдарды алынган маалыматтарды жеке максаттары үчүн колдонбоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.  

Буга чейин үй-бүлөнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова Орхан Инанды жоголгонго чейинки унаасынан алынган жаздырууларды жарыялаган.

edita